Багаж (жанжүк)

Багаж (жанжүк) – жүк ташуу уюмдарынын жоопкерчилиги астында ташып-жеткирүү үчүн өткөрүлгөн жүргүнчүнүн буюмдары же жүргүнчүнүн жеке максаты боюнча өз алдынча акы төлөнүү менен, жүргүнчүлүк документинде атайын белгиленип, көздөгөн жерине чейин жөнөтүлгөн материалдык баалуулуктар.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7