Веда тили
Веда тили - инди адабиятынын эстеликтери аркылуу бизге жеткен байыркы инди тилдеринин бири.
- Ведалар Ригведа, Самаведа, Яжурведа, Атхарваведа деген 4 жыйнактан турат.
- Ведалардын эң байыркысы, тили ж-a адабий көркөмдүгү жагынан мазмундуусу — Ригведа.
- Байыркы жана кийинки Веда тилинин арасында диалектилик, лексика-морфол. айырмалары бар.
- Кийинки Веда тилинде сыйынуу ырым-жырымдарына байлаиыштуу эски сөздөр, жөндөмөнүн алмашма жанa этиштин белгисиз формалары колдонулбай калган.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.