Гониометр
Гониометр – кристаллдардын грандарынын арасындагы бурчтарды өлчөөгө арналган курал.
Рентген структуралык анализ методу ачылганга чейин кристаллдарды окшоштурууда, айырмалоодо жана сүрөттөп жазууда гониметриялык ыкма кеңири колдонулган. Чагылдыруучу оптикалык Г-де айлануучу окко бекитилген кристалл жарыктандырылып, анын ар кайсы грандарынан чагылган нурлар көрүү түтүгүнөн байкалат.
Колдонулган адабияттар
- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0