Дароот-Коргон (орус.Дараут-Курган) — Ош облусундагы Чоң Алай районунун жана Дароот-Коргон айыл өкмөтүнүн борбору, кыштак. Алай өрөөнүнүн батыш бөлүгүндө, Кызыл-Суу суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2460 м бийикте жайгашкан. Облустун борбору жана темир жол бекети Ош шаарынан 286 км түштүк-батыш тарапта. Кыштак 1885-жылы негизделген. Калкы 4852 (2006); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Эки орто мектеп, бала-бакча, маданият үйү, клуб, райондук жана балдар китепканасы бар. Оорукана, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо иштейт. Кыштактын жанында Кокон хандыгы учурунда курулган (1821) чептин калдыгы сакталган.
[1]
Колдонулган адабияттар
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1