Достук — Кыргыз РеспубликасынынЖалал-Абад облусунунСузак районундагы айыл. Сузак айыл аймагынын курамына кирет. Деңиз деңгээлинен 705 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 3 км түштүк-батыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 10 км. Калкы 1600 (2006); негизинен пахтачылыкта, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп бар.
[1]
Колдонулган адабияттар
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5