Европа бирлиги


Европа биримдиги (ЕБ) — Европа өлкөлөрүнүн аймактык саясий жана экономикалык бирикмеси (1993-ж. чейин Европа Биримдиги). Европанын 27 өлкөсү кирет (2007). Европадагы 40 ашык өлкөнү бириктирген бир уюм. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн арасында чек жок болуп, бир паспорт колдонулат. 1999-жылдан баштап өз валютасына ээ болду - Евро.
Австрия, Бельгия, Болгария, Венгрия, Германия, Греция, Дания, Ирландия, Испания, Италия, Кипр, Латвия, Литва, Люксембург, Мальта, Нидерланд, Польша, Португалия, Румыния, Словакия, Словения, Финляндия, Франция, Хорватия, Чехия, Швеция, Эстония.
Европа Экономикалык Биримдигинин (1957-ж. Рим келишимдеринин негизинде түзүлгөн, ЕЭБ же «Жалпы рынок») жана Атом энергиясы боюнча Европа биримдигинин (1957-ж. негизделген) негизинде түзүлгөн. ЕСтин негизги максаттары Европ. бирдиктүү актынын (1987), Маастрихт (1992), Амстердам (1997) жана Ницца (2003) келишимдеринде (2007-ж. ЕСтин бул келишимдерди алмаштырууга багытталган ЕСтин Конституциясы иштелип чыккан, бирок ал биримдикке мүчө бардык өлкөлөр тарабынан ратификациялангандан кийин гана күчүнө кирет) аныкталган: бирдиктүү европалык жарандыкты киргизүү; эркиндик, коопсуздук жана мыйзамдуулукту камсыз кылуу; экономикалык жана социалдык прогресске көмөктөшүү; Европанын дүйнөдөгү ролун бекемдөө. 1999-жылдан ЕСтин 12 өлкөсүндө бирдиктүү валюта – еврону пайдалануу (еврозонага өтүү) киргизилген. ЕСтин көпчүлүк мүчөлөрү бирдиктүү виза эрежелерин камтыган Шенген зонасына киришет. Расмий тилдери: англис, грек, испан, италян, немис, нидерланд, португал, финн, фламанд, француз, швед тилдери. ЕСтин желеги (1986) жана гимни (Людвиг ван Бетховендин «Кубаныч одасы») кабыл алынган. ЕСтин жогорку саясий жетекчи органы – Европа совети; институттары Европа парламенти, ЕСтин совети, Европа комиссиясы, Европа соту, Европа борбордук банкы. ЕСтин расмий борбору жок, анын институттарынын көпчүлүгү Люксембург, Страсбург, Франкфурт-на-Майне шаарында жайгашкан.

Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1