Жардам:Калып

Калып — мазмуну башка барактарда колдонулуучу барак. Адатта, калыптар көп сандагы макалаларда же башка барактарда керектүү эскертмелерди, барактар аралык навигацияны ж.б. нерселерди камтыйт. Керек болсо калыптарга параметрлерди кошуп койсо болот, ошондо ар барактын контекстине жараша калып көрсөтүүчү текстти өзгөртсө болот. Мындан тышкары, калып өзгөртүлсө, ал өзгөрүүлөр аны камтыган барактарга да чыгат.

Негизги маалымат

Калып катары каалаган барак колдонулушу мүмкүн. Мисалы, «Кыргызстан» макаласы. Бирок калыптар үчүн өзүнчө мейкиндик бөлүнгөн ― «калып» мейкиндиги. Демек, алардын аталыштары «Калып:» префиксинен башталат.

Түзөтүү режимине жараша калыпты ар кандай ыкма менен кошсо болот. Вики текстти түзөтүү режиминде калып {калыптын аталышы} менен кошулат. Калыптын аталышын баш же кичи тамга менен жазса болот, ал эми боштук астын сызууга барабар (калыптын аталышы = калыптын_аталышы) — айырмасы жок. Кошулуп жаткан калып жок болсо кызыл шилтеме пайда болот: Калып:Калыптын аталышы.

Эксперименттер үчүн жеке мейкиндигиңизде калыпты түзүп, аны колдонуп көрсөңүз болот: {Колдонуучу:колдонуучунун аты/калыптын аталышы}. Калыптын таасирин баракты сактабастан көрүү үчүн алдын ала көрүү функциясын (түзөтүү режиминде жеткиликтүү) колдонуңуз. Негизги мейкиндиктин барагын колдонуу үчүн барактын аталышынын алдына кош чекитти кошуу керек, мисалы, {:Кыргызстан}.

Калыпта башка калыптарды колдонсо болот.

Баракта колдонулуучу калыптардын тизмесин барактын оң жагындагы «бул барак тууралуу» шилтемеси боюнча өткөндө же вики текстти түзөтүү режиминде көрсө болот.

Параметрлер

Калыптын параметрлерин атаса же номерлесе болот. Буга жараша параметрлерди колдонуу синтаксиси эки башка болот.

Аталган параметр: {калыптын аталышы|1-параметрдин аталышы=1-параметр|2-параметрдин аталышы=2-параметр}. Калыптын барагында мындай параметрге шилтеме мындай болот: {1-параметрдин аталышы}, {2-параметрдин аталышы}.

Номерленген параметр: {калыптын аталышы|1-параметр|2-параметр} же {калыптын аталышы|1=1-параметр|2=2-параметр}. Калыптын барагында мындай параметрге шилтеме мындай болот: {1}, {2}.

Параметр анын аталышын/номерин жазуу менен берилсе (мисалы, 1= же а=), аны каалаган иретте жайгаштырса болот (мисалы, {калыптын аталышы|2=а|1=а}). Кошумча же туура эмес параметр этибарга алынбайт. Бир параметр бир нече жолу берилсе, акыркы берилген колдонулат.