Жаркынбаев
Отурукташкан жай
Жаркынбаев
|
Жаркынбаев — Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусун Ысык-Көл районундагы айыл. Абдрахманов айыл округу составына кирет. Бишкек – Каракол автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1650 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Чолпон-Ата шаарынан 70 км чыгыш тарапта. Балыкчы т. ж. бекетинен 150 км. Кыштак 1834-ж. негизделген. Калкы 2676 (2008); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, амбулатория, дарыкана, клуб бар. Мончо, ашкана иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган. Кыштак ушул жерде төрөлгөн Советтик Союз. Баатыры К. Жаркымбаевдин ысмынан аталган.
Калкы
Калкы - 1 948 киши (2009).[1]
Булактар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
- ↑ 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.
Борбор шаары | Чолпон-Ата | |
---|---|---|
Ананьево айыл округу | Ананьево • Көк-Дөбө • Чет-Байсоорун | |
Бостери айыл округу | Бостери • Бактуу-Долоноту | |
Садыр Аке айыл округу | Григорьевка • Григорьевка Пристаны | |
Кара-Ой айыл округу | Кара-Ой | |
Кум-Бел айыл округу | Корумду • Булан-Сөгөттү | |
Семеновка айыл округу | Семеновка • Кожояр | |
Тамчы айыл округу | Тамчы • Кош-Көл • Чырпыкты | |
Абдрахманов айыл округу | Жаркынбаев • Кароол-Дөбө | |
Темир айыл округу | Темир • Кашат | |
Тору-Айгыр айыл округу | Тору-Айгыр • Кызыл-Өрүк • Сары-Камыш | |
Өрүктү айыл округу | Чоң-Өрүктү • Орто-Өрүктү • Өрүктү-Хутор | |
Чоң-Сары-Ой айыл округу | Чоң-Сары-Ой • Баетов • Өрнөк • Сары-Ой • Чок-Тал |