Жаңы-Ноокат, Ноокат району

Айыл
Жаңы-Ноокат
Өлкө Кыргызстан
Облус Ош облусу
Район Ноокат району
Координаттар 40°15′24″ с. ш. 72°33′23″ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 21 049[1] адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Жаңы-Ноокат, Ноокат району (Кыргызстан)

Жаңы-НоокатКыргызстандын Ош облусунун Ноокат районундагы айыл. Жаңы-Ноокат айыл аймагына кирет. Кичи Алай тоо кыркасынын этегинде, Чили-Сай суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1490 м бийикте жайгашкан. Райондун административдик борбору — Ноокат шаарынан 10 км батыш тарапта. Ош темир жол бекетинен 50 км.

Кыштак 15-кылым ченде пайда болгон.

Калк

Калкы — 21 049 киши (2009-жылы), негизинен дыйканчылыкта эмгектенип, мал чарбасы менен алектенет.

Инфратүзүм

Эки орто мектеп, китепкана, клуб, соода түйүндөрү, дарыканалар бар. Бир АК, 2 ФАП, төрөт үйү, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Кыштактын түштүк тарабында таштагы байыркы жазуулар сакталган[1].

Булактар

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 3-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. ISBN 978–9967–14–074–5

Preview of references

  1. 1.0 1.1 2009 Population and Housing Census (орусча). The National Statistical Committee of the Kyrgyz Republic (2010). Текшерилген күнү 12 -ноябрь (жетинин айы) 2013. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.