Импорт

Импорт (лат . importare – ташып келүү) – мамлекеттин бажы аймагына чет өлкөдөн кайра ташып чыгуу милдеттенмесисиз товар, жумуш, кызмат көрсөтүү, акыл эмгегинин жыйынтыктарын, анын ичинде аларга өзгөчө укукту ташып келүү. Четтен ташып келүү фактысы товар бажы аймагынын чегарасынан өткөн, кызмат көрсөтүү жана акыл эмгегинин жыйынтыктарына карата укук алынган учурдан катталат. КР бажы мыйзамдарында И-тун бажы режимин белгилөө үчүн «Эркин жүгүртүү үчүн чыгаруу» деген аталгы пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7