Казан хандыгы (1438-1552)

Казан хандыгы (1438-1552) ( тат. Казан ханлыгы, Qazan xanlığı, قزان خانلغی‎) – Орто Волга боюндагы феодалдык мамлекет. Алтын Ордодон бөлүнүп чыгып, Волга-Кама Булгариясынын аймагында түзүлгөн. Казан хандарынын династиясын Улуу Мухаммед (1438-45) негиздеген. Калкы казандык татарлар, марылар, чуваш, удмурт, мордва жана башкырттар. Дыйканчылык, кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Россия, Сибирь, Кавказ жана Чыгыш өлкөлөрү менен соода жүргүзгөн. Башкы бийликти хан жүргүзгөн. Мусулман дини зор роль ойногон. Казан хандыгы даругдарга (округдар) жана улустарга (вилайеттерге) бөлүнгөн. Аскери хандык гвардиядан, жеке феодалдардын отряддарынан, феодалдарга салык төлөгөн эркин дыйкандардан куралган. Казан хандыгы түзүлгөндөн баштап эле орус жерине жортуулдар жасап, 16-кылымдын 20-жылдары күчөгөн. Казан аскерлеринин орус жерлерине талоончулук кол салуулары ийгиликсиз аяктаган. Казан хандыгы 1487-1521-ж. Россияга, 1524-жылдан Түркияга вассалдык көз карандылыкта болгон. Казан казаттарынан (1545-52) кийин Казан хандыгы жоюлган. Орто Волга бою Россияга бириктирилген.

Географиясы

Хандыктын аймагы

Дарыялары

Шаарлары

Тилдери

Казан хандыгынын калкы

Социалдык статусу

Дин

Экономика

Аскердик күчтөр

Москва мамлекети менен байланышы

Казанды басып алуу

Казан хандары

Казан хандарынын көрүстөндөрү
  • Улу-Мухаммед хан, Ичкиле Хасан-огландын уулу (1438—1445), Алтын Ордонун мурдагы ханы.
  • Махмуд хан, Улу-Мухаммед хандын уулу (1445—1466).
  • Халиль хан, Махмуд хандын уулу (1466—1467).
  • Ибрагим хан, Махмуд хандын уулу (1467—1479).
  • Ильхам хан, Ибрагим хандын уулу (1479—1484, 1485—1487).
  • Мухаммед-Амин хан, Ибрагим хандын уулу (1484—1485, 1487—1496, 1502—1518).
  • Мамук (Тюмен) хан (1496—1497).
  • Абдул-Латиф хан, Ибрагим хандын уулу (1497—1502).
  • Шах-Али хан, Шейх-Аулияр султандын уулу (1519—1521, 1546, 1551—1552).
  • Сахиб-Гирей хан, крым ханы Менгли-Гиреядын уулу (1521—1524).
  • Сафа-Гирей хан, крым ханы Саадет-Гиреядын уулу (1524—1531, 1536—1546, 1546—1549).
  • Джан-Али хан, Шейх-Аулияр султандын уулу(1532—1535).
  • Утямыш-Гирей хан, Сафа-Гирей хандын уулу (1549—1551).
  • Ядыгар-Мухаммед хан, астрахан ханы Касимадын уулу (1552).
  • Али-Акрам хан (Ногай династиясы) (1553—1556).

Ошондой эле кара

Эскертүүлөр

Колдонулган адабияттар