Кайыңды, Кемин району – Чүй облусунунКемин районундагыкыштак. Көк-Ойрок айыл округунун борбору. Чоң Кемин өрөөнүндө, деңиз деңгээлинен 1300 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору жанатемир жол бекети Кемин шаарчасынан 60 км чыгыш тарапта.
Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы негизинен картөшкө өстүрүшөт жана мал багышат. Орто мектеп, китепкана бар. Кыштакта белгилүү акын Ысак Шайбек уулу, кыргыз эл акыны А. Токомбаев, Кыргыз Республикасынын Уулуттук Илимдер Академиясынын академиктери М. Иманалиев, С. Б. Данияров туулган жана залкар комузчу Муратаалы жашаган.