Кең-Булуң — Кыргыз Республикасынын, Чүй облусунун, Ысык-Ата районундагы айыл. Кең-Булуң айыл аймагынын курамына кирет. Бишкек – Балыкчы автоунаа жолунун боюнда, деңиз деңгээлинен 765 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кант шаарынан 45 км чыгыш тарапта. Ивановка темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1921-ж. негизделген. Калкы 3308 (2007); негизинен дыйкан жана фермер чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, маданият үйү бар. Соода жана тамактануучу жайлар, турмуштиричилик кызматынын бөлүмдөрү иштейт. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.