Комсомольск-на-Амуре
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/7/70/%D0%9A%D0%BE%D0%BC%D1%81%D0%BE%D0%BC%D0%BE%D0%BB%D1%8C%D1%81%D0%BA-%D0%BD%D0%B0-%D0%90%D0%BC%D1%83%D1%80%D0%B5_%D0%94%D0%BE%D0%BC_%D1%81%D0%BE_%D1%88%D0%BF%D0%B8%D0%BB%D0%B5%D0%BC.jpg/220px-%D0%9A%D0%BE%D0%BC%D1%81%D0%BE%D0%BC%D0%BE%D0%BB%D1%8C%D1%81%D0%BA-%D0%BD%D0%B0-%D0%90%D0%BC%D1%83%D1%80%D0%B5_%D0%94%D0%BE%D0%BC_%D1%81%D0%BE_%D1%88%D0%BF%D0%B8%D0%BB%D0%B5%D0%BC.jpg)
Комсомольск-на-Амуре – Россия Федерациясындагы шаар (1932-жылдан). Хабаров крайынын түндүгүндө жайгашкан. Комсомольск районунун административдик борбору. Амур дарыясындагы порт. Калкы 272,3 миң (2008). Жол тоому. Темир жол бекети. Аэропорту бар.
1932-ж. Пермь кыштагынын ордуна комсомолдор курган. 1932–35 -жылдары Ыраакы Чыгыш, 1939-жылдан Хабаров крайларынын административдик борбору болгон. Ыраакы Чыгыштагы жана Забайкальедеги эң ири өнөр-жай борборлорунун бири. Кеме (1933; Ыраакы Чыгыштагы эң ири Амур кеме куруу заводу, дизель менен суу астында жүрүүчү кемелерди ремонттойт, модернизациялайт жана курат), машина куруу (мыкты авиация өндүрүш бирикмеси, Су-27, Су-33, Су-35, көп функциялуу Су-80 жана Бе-103 амфибия-самолётун чыгарат), кара металлургия («Амурметалл» бул аймактагы эң ири болот эритүүчү завод), нефть ажыратуу, «Элком» (ширетүүчү электроддор), жеңил, тамак-аш өнөр-жай ишканалары иштейт. Эки Жогорку окуу жайы театр, край таануу жана сүрөт музейи, А. Н. Островский атындагы китепкана (1934; 16 филиалы менен) бар.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9