Кутман Кадырбеков
![]() | ||
![]() | ||
Жалпы маалымат | ||
Лакап аты | КутМэн | |
Төрөлгөн датасы | 13 -июнь 1997 (27 жаш) Кыргызстан | |
Жарандыгы | ![]() | |
Бою | 192 см | |
Салмагы | 76 кг | |
Позициясы | дарбазачы | |
Клуб тууралуу маалымат | ||
Клубу | ![]() | |
Номуру | 13 | |
Карьерасы | ||
Клубдук карьерасы* | ||
2014 | Калып:Аренда![]() | |
2015 | Калып:Аренда![]() | |
2016—2017 | Калып:Фарм-клуб![]() | |
2018—а.у. | ![]() | |
Улуттук курамасы** | ||
2019—а.у. | ![]() |
3 (-5) |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 17 январь 2019-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 22 январь 2019-жылдагы |
Кутман Кадырбеков (13-июнь 1997) — кыргыз футболчусу, Кыргызстан улуттук курамасынын жана «Дордой» клубунун дарбазачысы.
Өмүр баяны
Клубдук карьерасы
«Дордой» клубунун футбол мектебинин тарбиялануучусу. 2014-жылдан тарта Кыргызстандын жогорку лигасынын «Манас» жана «Ала-Тоо» клубдарында ижара иретинде ойногон. 2017-жылы «Дордой-2» клубунун курамында биринчи лиганын жеңүүчүсү болгон. 2018-жылдын 30-январында АФК Кубогунун алкагында түркмөнстандык «Ахалга» каршы оюнда «Дордойдун» негизги курамында ойноп чыккан. Улуттук чемпионатта болсо — 2018-жылы 9-майда «Илбирске» каршы оюнда. Кыргызстандын чемпиону (2018).
Курамадагы карьерасы
Кыргызстандын жаш балдар курамасында ойногон. 2018-жылы олимпиадалык кураманын курамында Азия оюндарына катышкан. Бирок Калысбек Акималиевдин дублёру болгондуктан, талаага бир да жолу чыккан эмес.
2019 Азия Кубогунун Кыргызстан улуттук курамасынын курамындагы катышуучусу. Улуттук кураманын курамында алгачкы жолу ушул турнирдин алкагында, 2019-жылы 11-январьда Түштүк Кореяга каршы оюнда чыккан.