Лаос элдик революциячыл партиясы
Лаос элдик революциячыл партиясы (ЛЭРП) - Инди-кытай компартиясынын лао уюмунун базасында 1955-ж. мартта түзүлгөн.
ЛЭРП массалык саясий уюм — Лаос патриоттук фронтунун (Нео Лао Хаксат) негизги ж-a жетекчи күчү болуу менен интервенттерге карты лаос элинин күрөшүн башкарган. Партиянын 2-съезди (1972, февр.) ЛЭРПтин программасы менен уставын кабыл алган. Анда ЛЭРП марксизм-ленинизм позициясында турган жумушчу табынын партиясы деп белгиленген.
Лаос эли ЛЭРПтин жетекчилиги менен улуттук-демокр. революция үчүн күрөштө жеңип, 1975-ж. декабрда Лаос Элдик Демократия Республикасы түзүлгөн.
ЛЭРП БК өлкөдөгү азыркы саясий бийликти жумушчу-дыйкан союзуна негизделген элдик демократия. диктатура деп эсептеп, өнүгүүнүн капит. этабын аттап өтүп, социализмди курууга багыт алды. ЛЭРПтин басма сөз органы — «Сиенч Пасасон» газетасы.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.