Матьё Мирей
Матьё Мирей (22. 7. 1946-жылы туулган, Авиньон) – француз эстрада ырчысы. Атайын музыкалык билим алган эмес. Композитор, пианист П. Мориадан сабак алган. 1864-жылы шаардык ыр конкурсунда жеңишке жетип, 1965-жылы телекөрсөтүүгө ырдап чыккан. 1966-жылы «Олимпия» залындагы концерти ийгиликке ээ болгон. Матьёнин стилинин калыптанышына белгилүү шансон ырчы Шевалье зор таасир тийгизген. Көптөгөн чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. СССРге (биринчи жолу 1967-жылы) жана РФке бир нече жолу келген, 1975-жылы Нью-Йоркто Карнеги-холдо ырдаган. Репертуарын француз композиторлорунун (Ж. М. Жарра, Ф. Лея, М. Легран, П. Мориа ж. б.) ырлары, дүйнөлүк ыр маданиятынын шедеврлери түзөт. 70ке жакын альбому бар. «Журналист» кинофильмине тартылган (1967, режиссёр С. А. Герасимов), Ардактуу Легион ордени менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7