Мениск

Мениск – катуу зат менен тийишкен чегиндеги (мис., идиштин капталында) суюктуктун ийилген эркин бети, капилляр түтүкчөсүндө Мениск нымдоочу шартта сфера формасында – иймек, нымдабоочу шартта – томпок болот.

Суюктуктун эркин бети түз тегиздик болгон учурга салыштырмалуу томпок беттин үстүндөгү басым аз, иймек бетте чоң. Капиллярдык кубулуштар ушуну менен түшүндүрүлөт.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Физика. Энциклопедиялык окуу куралы. 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0