Моңгол-Күрө ооданы

Моңгол-Kүрө ооданынын улуттардын үлүшү, 2018-ж[1]
Улут пайыз
Казактар
  
51.5%
Кытайлар
  
24.1%
Уйгурлар
  
10.2%
Калмактар
  
7.4%
Кыргыздар
  
3.1%
Дунгандар
  
2.8%
Башкалар
  
0.8%

Моңгол-Kүрө ооданы (казакча: موڭعۇلكۇرە اۋدانى, калмакча: ᠮᡆᡊᡎᡆᠯᡘᡉᠷᡄᡃ ᠰᠢᠶᠠᠨ, кыргызча: موڭعۇلكۉرۅ وودانى, кытайча: 昭苏) — Иле Казак автоном облусунун түштүк-батышында бир оодан[2].

Чыгышынан Текес ооданы, түштүгүнөн Онсуу жана Байы оодандары, түндүгүнөн Чапчал Шибе автоном ооданы, батышынан Казакстан (чек аранын узундугу 200 километрден ашык), түштүк-батышынан Кыргызстан менен чектешет[3].

Оодандун жалпы аянты 10,464,9 чарчы км[2].

Текес жана Моңгул-Kүрө оодандарында 20 миңге жуук кыргыз бар[4] Алардын арасында үркүн учурунда качып кеткендер да бар[5][6]. Моңгул-Kүрө кыргыздардын көпчүлүгү Шаты кыргыз улуттук айлынын тургундары[7].

Булактар