Муз жаргыч(кеме)
Муз жаргыч - жол ачуу үчүн муз жаруучу атайын кеме.
- Муз жаргычтын милдети—башка кемелери муздуу деңиден өткөрүү, аларга жардам берүү.
- Муз жаргыч деңиздик (арктикалык), көлдүк, дарыялык. рейддик порттук болуп айырмаланат. Ал музду тумшугунун оордук күчү менен жарып, муз сыныктарын түртүп, шилеп же чөктүрүп жол ачат.
Колдонулган адабияттар
Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.