Озарк
«Озарк (Миссури)» менен адаштырбаңыз.
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/8/85/Ozark_Mountain_Forests_map.svg/220px-Ozark_Mountain_Forests_map.svg.png)
![](http://upload.wikimedia.org/wikipedia/commons/thumb/c/cc/Boston_Mountains_002.jpg/220px-Boston_Mountains_002.jpg)
Озарк – АКШнын борбордук бөлүгүндөгү плато, Борбордук түздүктүн Түштүк-чыгышында. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн; чыгышында кембрийге чейин пайда болгон түпкү тектер жер бетине чыгып жатат (мисалы, Сент-Фрэнсис). Дарыялар менен өтө тилмеленген, айрым жерлерине карст процесстери мүнөздүү. Орточо бийиктиги 500 мге чейин, эң бийик жери 823 м (Бостон тоосу). Кызыл жана сары топурактуу. Дөңсөөлөрүндө негизинен эмендүү токой сакталган. Полиметалл кендери (Сент-Жозеф, ТриСтейтс) казылып алынат. Аймагынын басымдуу бөлүгү – айыл чарбасына жарактуу жерлер.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7