Рэкет

Рэкет (англ. racket – чуручуу) – АКШ мыйзамдарында опузалап коркутуп-үркүтүүгө шайкеш келген оор кылмыш. Р. «соодага коркутуу же зомбулук кылуу аркылуу жолтоо болуу» катары аныкталат (АКШ мыйзамдарынын топтому, 18-титул, 95-глава). КР мыйзамдарында бул аталгы колдонулбайт, бирок акыркы кездеги юридикалык публицистикада көп колдонулууда.

Колдонулган адабияттар

  • Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7