Сүйсен
Сүйсен (лат. Calamagrostis) — дан өсүмдүктөр тукумунда өсүмдүктөрдүн уруусу. Көп жылдык чөп. Сабагынын бийикт. 25-120 см. Бир нече сабагы топтолуп дүңчөнү түзөт. Топ гүлү шыпыргыдай, бир же көп машактуу. Мөмөсү ― данча. Жер жүзүндө 100-150 түрү суук жана мелүүн зоналарда, ошондой эле эки жарым шардын тропик зонасынын тоолорунда кездешет. Кыргызстанда 11 түрү, ойдуңдан бөксө тоолордогу өзөндө, жапыс аймактагы кумдак жерде, арык жээгинде өсөт. Малга эң жакшы тоют, машагы баш алган кезинде чабылат.
Булактар
- Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4