Трамблёр
Трамблёр - карбюратордук ичинен күймө кыймылдаткычты от алдыруу системасынын прибору.
Ал жогорку чыңалуудагы токту ажыраткычтан жана жогорку чыңалуудагы токту бөлүштүргүчтөн турат. Ажыраткыч белгилүү учурда от алдыруу түрмөгүнүн алгачкы тизмегин үзөт (ажыратат) да, экинчи оромунда жогорку чыңалуудагы ток зым менен тиешелүү цилиндрдин от алдыруу оттугуна барат. Бөлүштүргүчтүн жөнгө салуучу түзүлүшү кыймылдаткычтын иштөө режимине жараша озуп от алдыруу учурун автоматтык түрдө өзгөртөт.
Колдонулган адабияттар
«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4