Турсунали Рустамов
![]() | ||
Жалпы маалымат | ||
Толук аты-жөнү | Турсунали Хаитмахаматович Рустамов | |
Төрөлгөн датасы | 31 -январь 1990 (35 жаш) Тажикстан | |
Жарандыгы | ![]() | |
Бою | 184 см | |
Салмагы | 76 кг | |
Позициясы | Жарым коргоочу | |
Клуб тууралуу маалымат | ||
Клубу | Дордой | |
Номуру | 10[1] | |
Карьерасы | ||
Клубдук карьерасы* | ||
? | ![]() |
0 (0) |
2009—2010 | ![]() |
? (6) |
2011—2012 | ![]() |
? (13) |
2013 | ![]() |
? (6) |
2014 | ![]() | |
2014—2016 | ![]() |
? (2) |
2017—2018 | ![]() |
? (2) |
2018 | ![]() |
? (11) |
2019 | ![]() |
20 (8) |
2020—2021 | ![]() |
30 (9) |
2021 | ![]() | |
2022 | ![]() | |
Улуттук курамасы** | ||
![]() | ||
2010 | ![]() |
2 (0) |
2012— а.у | ![]() |
25 (6) |
* Кесиптик клубдагы голдордун жана оюндардын саны ар кандай улуттук чемпиондуктардын лигаларындагы гана эсептелет, 16.07.2022-жылдагы маалымат боюнча оңдолгон. ** Расмий матчтардагы улуттук курама үчүн оюндардын жана голдордун саны, 28.04.2022-жылдагы |
Турсунали Рустамов (31-январь, 1990) — Кыргызстандык футболчу, " Дордой" клубунун жана Кыргызстан улуттук курамасынын жарым коргоочусу .
Клубдук карьерасы
Турсунали Рустамов Ж. Расулов районудагы мектептин жана тажик футболунун тарбиялануучусу, машыктыруучу - Достон Мамиров. Аны Кыргызстанга машыктыруучу Александр Сергеевич Резин чакырган. Алгач биринчи лигадагы " Кара-Балта " командасында ойногон. Бир жыл ойногондон кийин ал бир катар жогорку лига командаларынын көңүлүн бурган.
2009-жылы борбордогу « Шер-Ак-Дан » командасы менен келишим түзүп, анын курамында эки сезон ойногон. Андан кийин башка борбор калаадагы « Алга » жана « Дордой » командаларында ойногон. 2014-жылы Тажикстандын « Худжанд » клубунда 1 сезон ойноп, «Алгага» кайтып келген.
2016-жылы Рустамов Кыргызстандын эки жолку чемпиону " Алай " клубу менен келишим түзгөн.
Улуттук курамадагы карьерасы
Кыргызстанга көчүп келгенден кийин Кыргызстандын жаштар курамасынын машыктыруучуларынан сунуш түшкөн. Рустамов Тажикстандын курама командасынын чакыруусун көптөн бери күтүп жүргөн, бирок келген эмес.
Кыргызстандын олимпиадалык курамасынын курамында 2010-жылы Азия оюндарына катышып, 2 беттеш өткөргөн. Ал 2012-жылы Шериктештик кубогунда Кыргызстандын жаштар курамасында ойноп, 5 гол киргизип, өз командасынын бомбардири болуп, турнирдин бомбардирлеринин арасында үчүнчү орунду ээлеген.
Кыргызстандын курама командасынын оюнчусу катары 2012-жылы 1-июнда Казакстан менен болгон беттеште дебют жасаган [2] . 2013-жылдын 6-сентябрында Белоруссия курама командасы менен болгон жолдоштук беттеште (1:3) биринчи голун киргизген [3] .
Азия Кубогунун 2019 катышуучусу. Ал 3 беттеш өткөрүп, анын баарында экинчи таймда алмаштыруу менен чыгып, 1/8 финалда БАЭ курамасына каршы оюнда гол киргизген (2:3) [4] .
Эскертмелер
- ↑ Азат Бейшенбеков. Футбол: Турсунали Рустамов "Дордой" клубуна кайтып келди (кырг.). «Super.kg» (16 -июль (теке) 2022). Текшерилген күнү 17 -июль (теке) 2022.
- ↑ Казахстан 5 : 2 Киргизия
- ↑ Белоруссия 3 : 1 Киргизия
- ↑ UAE VS. KYRGYZSTAN 3 — 2