Флоэма
Флоэма (гр. phlovos - кабык) - өсүмдүктөрдүн фотосинтез продуктуларын жалбырактан азык топтоочу органдарына (жер алдындагы органдарына, мөмөлөргө, уруктарга) ташуучу тканы.
Флоэма өсүмдүк сабагындагы ксилеманын сыртында, кээде бир өсүмдүктө ич жагында, жалбырактын төмөн жак бетинде жайгашкан. Флоэма, ошондой эле азык затты топтоо, зат алмашуунун акыркы продуктусун бөлүп чыгаруу, өсүмдүктүн тирөөч сиетемасын курууга катышат. Ал ксилема менен бирге өткөргүч боочону пайда кылат. Архегонийлүү өсүмдүктөрдүн Флоэма сынын өткөргүч элементтери электей клеткалардан, жабык уруктуу өсүмдүктөрдө электей түтүкчөлөрдөн турат.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4