Фрэнк Герберт
Фрэнк Герберт | |
Туулгандагы ысымы: |
Франклин Патрик Герберт-кичүүсү |
---|---|
Туулган жери: |
Такома, Пирс, Вашингтон, АКШ |
Жарандыгы: | |
Ишмердүүлүгү: |
прозаик |
Чыгармачылык жылдары: |
1945—1986 |
Жанр: |
илимий фантастика |
Дебют: |
«Бир нерсени издеп атасыңбы?» (англ. Looking for Something?) |
Сыйлыктары: |
мыкты роман үчүн «Небьюла» премиясы (1965), мыкты роман үчүн «Хьюго» премиясы (1966) |
Фра́нклин Па́трик Ге́рберт-младший (англ. Franklin Patrick Herbert, Jr.; 8 октябрь 1920 жыл, Такома, штат Вашингтон, АКШ — 11 февраль 1986 жыл, Мэдисон, Висконсин, АКШ) - америкалык жазуучу-фантаст, "Дюна хроникалары" циклинин автору катары таанымал, өзгөчө бул циклдеги биринчи Дюна чыгармасы аркылуу.
Биография
Фрэнк Герберт 8 октябрь 1920 жылы Вашингтон штатынын Такома шаарында төрөлгөн, Сиэтлде Вашингтон университетин аяктаган. Жаш кезинен баштап жазуучу болгусу келген. 1938 жылы мектепти бүтүп, 1939 жылы өзүнүн жашын калп айтып «Глендейл стар» газетасына жумушка кирген[1]. Профессионалдуу жазуучу болоордон мурда, ар кайсы газеталарда редактор жана репортёр болуп иштеген,
Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда флотто фотограф болгон, бирок 6 айлык кызматтан кийин комиссияланган. 1942 жылы Флора Паркинсонго үйлөнгөн, бирок 1945 жылы ажырашкан, ортодо Пенни деген кызы төрөлгөн. 1946 жылы Вашингтон университетине тапшырып, ал жерден Беверли Энн Стюартка жолуккан. Ал курстагы Герберттен сырткары аңгемелери жарыяланган жалгыз адам болгон. 1946 жылы алар үйлөнүшкөн, 1947 жылы биринчи баласы, а 1951 жылы - экинчиси төрөлгөн.
Биринчи илимий фантастика жанрдагы чыгармасы - «Бир нерсени издеп атасыңбы?» (англ. Looking for Something?) аттуу чыгармасы. Ал Startling Stories журналында жарыяланган (1952).
1950 жылдары ондогон аңгемелерди жана «Дөө деңизде» (англ. The Dragon in the Sea, 1955) романыны жарыялаган. Бул роман кийин «Кысымда» (англ. Under Pressure) деген аталыш менен да жарыяланган. Бирок кеңири таанымалдуулукту 1963 жылы «Analog» журналына жарыялаган «Дюна дүйнөсү» романы аркылуу атактуулукка жеткен. Ал «Дюна» романын биринчи бөлүгү болгон. Кийинчерээк бул журналды «Дюна пайгамбары» («The Prophet of Dune») аталышта уландысы жарыяланган. 1965 жылы бул эки бөлүк толук бир романга бириктилип, өзүнчө аталыш менен чыккан. Чыгарма дүйнөлүк таанууга арзып, фантастикалык адабияттага престиждүү премияларга татыган, «Небьюла» жана «Хьюго премияларына»
Роман ылдам эле XX кылымдын эң популярдуу фантастикалык романдардын бири болгонго жетишкен. Кийинки жылдары Геберттин калеми менен кумдуу планета жөнүндө окуянын уландысы чыгат: «Дюна Мессиясы» (англ. Dune Messiah, 1969), «Дюна балдары» (англ. Children of Dune, 1976), «Дюна Кудай-императору» (англ. God Emperor of Dune, 1981), «Дюна еретиктери» (англ. Heretics of Dune, 1984) жана «Дюна Капитулу» (англ. Chapterhouse: Dune, 1985). Дюна жөнүндөгү сагада, алыскы келечекте жана беш миң жылга уланган окуяда, көптөгөн суроолор көтөрүлөт, адамзаттын эволюция учурундагы тирүү калуучу, экология маселелери, диний аракеттер, саясат жана бийлик. Дүйнөнү көптөгөн алдыңкылары бул циклди илимий фантастиканын классикасы деп, бул жанрдын кеңири «ачык» жана «толук» өкүлү деп белгилешет. Фрэнк Герберттин уулу Брайан Герберт атасынын Дюна ааламынын романдар сериясын уланткан.
Фрэнк Герберт дагы башка чыгармаларды жазган, алардын арасынан белгилей кетчү, «Дөө деңизде» (англ. Dragon in the Sea, 1956), «Жашыл мээ» (англ. The Green Brain, 1966), «Багыт — боштук» (англ. Destination: Void, 1966), «Гейзенберг көзү» (англ. The Eyes of Heisenberg, 1966), «Асмандын жаратуучулары» (англ. The Heaven Makers, 1968), «Сантароги барьери» (англ. The Santaroga Barrier, 1968), «Хеллсторм уюгу» (англ. Hellstrom’s Hive, 1973), «Жылдыз камчы астанда» дилогиясы(англ. Whipping Star, 1970) жана «Досади эксперименти» (англ. The Dosadi Experiment, 1977).
2003 жылы Брайан Герберт атасы Фрэнк Герберттин биографиясын камтыган - «Дюна кыялкечи» (англ. Dreamer of Dune) китебин чыгарган. Бул китепти Брайан көптөгөн жылдардан бери Герберттер үй-бүлөсүнүн олуттуу окуяларын журналга жазып жүрүүдөн башталган. Кийинчерээк бул жазмалар атасынан чоң биографиясына айланган.
Библиография
Жыл | Аталышы | Нукура аталышы |
---|---|---|
1952 | Бир нерсеге суранып атасыңарбы? | Looking for Something? |
1954 | Операциялык синдром | Operation Syndrome |
1954 | Жоолгон иттер | The Gone Dogs |
1954 | Pack Rat Planet | |
1955 | Келемиштер жарышы | Rat Race |
1955 | Оккупациялык күчтөр | Occupation Force |
1956 | The Nothing | |
1956 | Кысымда [ = «Дөө деңизде» / «XXI кылымдын Субмаринасы»] | Under Pressure [= «Dragon in the Sea» / «21st Century Sub»] |
1958 | Эски адашкан үй | Old Rambling House |
1958 | You Take the High Road | |
1958 | A Matter of Traces | |
1959 | Missing Link | |
1959 | Operation Haystack | |
1960 | Haiku | |
1961 | Egg and Ashes | |
1961 | Чектөөсүз | A-W-F Unlimited |
1961 | Mating Call | |
1961 | Try to Remember | |
1962 | Mindfield! | |
1964 | The Mary Celeste Move | |
1964 | The Tactful Saboteur | |
1965 | Дюна | Dune |
1965 | Баардыктын комитети | Committee of the Whole |
1965 | G M Эффекти | The G M Effect |
1966 | Багыт — боштук[="Түш же өң?"] | Destination: Void [="Do I Wake or Dream?"] |
1966 | Жашыл мээ | The Green Brain |
1966 | The Primitives | |
1966 | Escape Felicity | |
1966 | Гейзенберг көзү | Heisenberg’s Eyes |
1966 | Китеп боюнча | By the Book |
1967 | The Featherbedders | |
1967 | Асман жаратуучулары | The Heaven Makers |
1968 | Сантароги барьери | The Santaroga Barrier |
1970 | Дюна Мессиясы | Dune Messiah |
1970 | Жылдыз камчы алдында | Whipping Star |
1970 | Seed Stock | |
1970 | Murder Will In | |
1972 | Жандарды кармоочу | Soul Catcher |
1972 | Кудайды жараткандар [="Кудайды жараткандар"] | The Godmakers [="The Priests of Psi"] |
1973 | Хэллстром уюгу | Hellstrom’s Hive [= «Project 40»] |
1976 | Дюна Балдары | Children of Dune |
1977 | Досади эксперименти | The Dosadi Experiment |
1978 | Come to the Party | |
1979 | Иса менен инцидент[="Пандора жашиги"] (Билл Рэнсом менен) | The Jesus Incident |
1979 | Song of a Sentient Flute | |
1980 | Түз түшүү | Direct Descent |
1981 | Дюна Кудай-императору | God Emperor of Dune |
1982 | Ак Чума | The White Plague |
1983 | Лазар эффекти (Билл Рэнсом менен) | The Lazarus Effect |
1984 | Дюна Еретиктери | Heretics of Dune |
1985 | Дюна Капитулу | Chapter House: Dune |
1986 | Эки дүйнөнүн адамы (Брайан Герберт менен) | Man of Two Worlds |
1988 | Көтөрүлүү фактору (Билл Рэнсом менен) | The Ascension Factor |
Адабият премияларынын лауреаты
- Nebula — 1965 «Дюна» романы үчүн;
- Hugo — 1966 «Дюна» романы үчүн;
- Seiun — 1974 «Дюна» романы үчүн;
- Apollo — 1978 «Хэллстром уюгу» романы үчүн;
«Дюна» «Небьюла» премиясына татыган биринчи роман болгон. Фрэнк Герберттин өзү дагы премиянын жеңүүчүлөрүн аныктаган калыстар курамында болгон. Бул 1975 жана 1976 (Nebula) жылдары, жана 1986 (Hubbard) жылы болгон.
Локус премиясы
- 1975 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 1-орун («Дюна» романы үчүн);
- 1977 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 4-орун («Дюна Балдары» романы үчүн);
- 1977 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 19-орун;
- 1978 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 7-орун («Досадиялык эксперимент» романы үчүн);
- 1982 «Бардык замандын эң мыкты илимий-фантастикалык чыгармасы» категориясында 6-орун («Дюны Кудай-императору» романы үчүн);
- 1982 «Мыкты антология» «„Небьюланын“ 15 жеңүүчүсү» антологиясы үчүн) категориясында 26-орун;
- 1983 «Мыкты илимий-фантастикалык роман» (Ак чума» романы үчүн) категориясында 19-орун;
- 1985 «Мыкты илимий-фантастикалык роман» («Дюна Эретиктери» романы үчүн) категориясында 19-орун;
- 1986 «Мыкты илимий-фантастикалык роман» («Дюна Капитулу» романы үчүн) категориясында 17-орун;
- 1986 «Мыкты жыйнак» («Eye» жыйнагы үчүн) категориясында 20-орун;
- 1988 «Мыкты фантастикалык эмес чыгарма» («The Maker of Dune: Insights of a Maker of Science Fiction» эссеси үчүн) категориясында 13-орун;
- 1988 «Бардык замандын мыкты илимий-фантастикалык жазуучусу» категориясында 13-орун;
- 1998 «Бардык замандын мыкты илимий-фантастикалык жазуучусу» категориясында 3-орун;
- 1999 «Бардык замандын мыкты илимий-фантастикалык жазуучусу» категориясында 9-орун;
Эскертмелер
- ↑ Frank Herbert, author of sci-fi best sellers, dies, Pittsburgh Post-Gazette (13 -февраль (бирдин айы) 1986). Текшерилген күнү 11 -февраль (бирдин айы) 2014.
Шилтемелер
- Official website for Brian Herbert and Kevin Anderson
- Frank Herbert SF Hall of Fame induction (Kevin Anderson report with his speech)
- Interviewer: Paul Turner. Vertex Interviews Frank Herbert. Volume 1, Issue 4 (October 1973). Текшерилген күнү 26 -январь (үчтүн айы) 2019. Түп булактан архивделген күнү 19 -май (бугу) 2009.
- 1984 interview with L. A. Reader: part 1, 2, 3
Фрэнк Герберттин «Дюна хроникалары» |
Дюна • Дюна Мессиясы • Дюна балдары • Дюна кудай-императору • Дюна Еретиктери • Дюна капитулу |
---|---|
Б. Герберттин жана К. Андерсондун китептери |
цикл Дюна уламыштары (Дюна: Батлериандык Джихад • Дюна: Машиналардын кресттик жүрүшү • Дюна: Коррин үчүн уруш) • цикл Дюна башталышында (Дюна: Атрейдестер үйү • Дюна: Харконнендер үйү • Дюна: Коррино үйү) • цикл Дюна баатырлары (Дюналык Пол • Дюна шамалдары) • Дюна 7 (Дюна аңчылары • Дюна кум курттары) • цикл Дюна улуу мектептери (Дюна карындаштар ордени • Дюна ментаттары • Дюна навигаторлору) |
Терминдер |
Дюна энциклопедиясы • Батлериандык джихад • Улуу Конвенция • Жашоо суусу • Гильд-навигатор • Гом-джаббар • Алтын жол • Квисатц Хадерах • Коркууга каршы литания • Ментат • Бузуку • Падыша-Император • Ата-бабалардын эси • Улуу Эне • Меланж (Спайс) • Сиетч • Сиеттик оргия • Шаи-Хулуд |
Технологиялар |
Атомик • Аксолотль-чан • Гхола • Хайлайнер • Хольцман Эффектиси • Көрүнбөгөн-корабль • Дистикомб • Прана-Бинду • Т-зонд • НИАБ-танк |
Каармандар |
Пол Атрейдес (Муад’Диб)* •
Лето Атрейдес •
Леди Джессика •
Чани •
Лето Атрейдес II* •
Алия Атрейдес •
Шаддам IV Коррино* •
Владимир Харконнен •
Фейд-Раута Харконнен •
Дункан Айдахо •
Льет-Кайнз •
Сиона Атрейдес •
Монео Атрейдес •
Луцилла •
Тараза •
Дарви Одраде •
Майлз Тег •
Шиана •
Гурни Халлек •
Суфир Хават •
Иблис Гинджо •
Джеан Батлер •
Омниус (ойлонуучу машиналардын бөлүмү)
|
Үйлөр |
Атрейдес үйү • Верниус үйү • Гинац үйү • Коррино үйү • Моритани үйү • Ордос үйү • Раббан үйү • Фенринг үйү • Харконнен үйү |
Уюмдар |
Бене Гессерит • Бене Тлейлаксу • Космостук гильдия • Ландсраад • КООАМ • Сукк мектеби • Фремены • Сардаукарлар • Сүйлөөчү Балыктар • Тереңсыйлуу Матрондор • Бөлүнгө кудайдын сыйынуучулары • Ойлонгон машиналар • Титандар |
Планеталар |
Арракис* •
Кайтайн* •
Каладан •
Гьеди Прайм •
Салуса Секундус* •
Икс •
Ричез (Ришеза) •
Валлах IX •
Тлейлаксу
|
Экранизациялары |
«Дюна» тасмасы • «Дюна» телесериалы • «Дюна балдары» телесериалы |
Оюндар |
Dune • Dune II • Dune 2000 • Emperor: Battle for Dune • Frank Herbert’s Dune |