Чилиликтер
Чилиликтер | |
| |
Chilenos | |
---|---|
Мамлекеттер жана аймактар | |
Бардыгы: 19,212,362 | |
Тили | |
Дини | |
Расалык тиби |
Чилиликтер (өздөрүн чиленьос деп аташат) - Чилинин негизги калкы.
Ошондой эле Аргентина, Америка, Европа, Австралия ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 16,8 млн киши, а. и. Чилиде 11,4 млн (2008). Испан тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери - негизинен католиктер, протестанттар да бар. Чилиликтер үч негизги элден турат: испан тилдүү Чилиликтер (калктын 60% ин түзөт); Европа, Азия жана Америка өлкөлөрүнүн иммигранттары жана алардын тукумдары (саны 600 миңге жетет); индейлер (калктын 4% ин түзөт). Чилиге 16-18-кылымда басктар, галисийлер, испандыктар ж. б., 19-20-кылымда Италия, Франция, Германия, Хорватия өлкөлөрүнөн жана Британ а-нан иммигранттар (негизинен испандыктар, италяндар, немецтер жана югославдар), ошондой эле араб-палестиналыктар көчүп келип отурукташкан. Мындан тышкары Чилиде еврейлер, швейцардыктар, гректер, голланддар жамааты бар. Ч. тоо-кен жана кайра иштетүү өнөр жайларында, мал чарбачылыкта, дыйканчылыкта жана токой чарбасында иштешет.
Диаспоралары
Жалпы диаспора 1,037,346
- Аргентина — 439,582[3]
- АКШ — 138,969[3]
- Испания — 106,060[3]
- Швеция — 56,138[3]
- Канада — 45,190[3][4]
- Австралия — 37,608[3]
- Франция — 30,325[3]
- Бразилия — 26,039[3]
- Венесуэла — 23,296[3]
- Германия — 19,702[3]
- Италия — 3.199[3]
- Норвегия — 10,083[3]
- Улуу Британия — 9,000[3]
- Португалия — 8,400[3]
- Мексика — 6,404[3][5]
- Нидерланд — 4,413[3]
- Жаңы Зеландия — 2,959[3]
- Дания — 2,522[3]
- Түштүк-Африка Республикасы — 1,000[3]
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Булактар
- ↑ Estimación de personas extranjeras residentes habituales en Chile al 31 de diciembre 2019
- ↑ Estimaciones y proyecciones 1992–2050, país (base 2017)
- ↑ 3.00 3.01 3.02 3.03 3.04 3.05 3.06 3.07 3.08 3.09 3.10 3.11 3.12 3.13 3.14 3.15 3.16 3.17 3.18 Segundo Registro de Chilenos en el Exterior
- ↑ Immigration and Ethnocultural Diversity Highlight Tables
- ↑ Chile - Emigrantes totales
Тышкы шилтемелер
- Чилиликтер (орусча)
- Чилиликтер-Түштүк Американын көп кырдуу калкы Archived 2024-01-24 at the Wayback Machine (орусча)