Чинквеченто
Чинквеченто (италянча cinquecento) – XVI кылымдын аталышы; атайын мааниде – жалпы италия маданиятынын же италия көркөм өнөрүнүн өнүгүшүндөгү тарыхый баскыч катары XVI кылымдын берилиши. Термин ушул жүз жылдыкты аныктаган же Бийик Кайра жаралуу деп аталган мезгилдик көрүнүштөрдү билдирет.
Колдонулган адабияттар
- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004