Ямал-Ненец автономиялуу округу

Ямал-Ненец автономиялуу округу - РФтеги субьект. Тюмень областында.

Курамына Урал федерация округу да кирет. Округ 1930-ж. 10-декабрда уюштурулган. Аянты 750,3 миң км2. Калкы 539,6 миң (2014). Калкын негизинен орустар түзөт, ошондой эле украин, татар, ненец, ханты жана комилер да бар. Адм.-айм. жактан 7 районго, 8 шаарга, 5 шаарчага бөлүнөт. Шаар калкы 84,5%. Адм. борбору - Салехард ш. Округ 1930-ж. 10-декабрда Ямал-ненец улуттук округу болуп түзүлгөн. Ал Урал (1930-34), Обь-Иртыш (1934), Омск (1934-44) жана Тюмень областынын курамына кирген. 1977-жылдан азыркыдай аталат. 1993-жылдан РФтин толук кандуу субъектиси. Батыш Сибирь түздүгүнүн эң түндүгүндө, бир аз бөлүгү түндүк уюл тегерегинде жайгашкан. Түндүгүн Кара (Карск) деңизи чулгайт. Аймагынын көп бөлүгү Кара деңизинин Обь, Таз колтуктарын бөлүп турган Ямал, Таз, Гыда жарым аралынан турат. Батышын уюлдук Уралдын (бийиктиги 1499 м, Пайер чокусу) чыгыш капталы ээлейт. Кара деңиздеги Ак, Бугулуу, Шокальский ж. б. аралдары да кирет. Климаты катаал, кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -22°Сдан -26°Сге чейин, июлдуку 4-14°С. Жылдык жаанчачыны 200-400 мм. Көп жылдык тоң кеңири таралган.
Ири дарыялары: Обь, Таз, Пур, Надым. Көл, саз көп. Округдун түндүгүндө глейлүү тундра, саз топурагы, түштүгүндө глейлүү күл, күл-саз топурагы басымдуу. Аймагынын көп бөлүгүн тундра жана токойлуу тундра ээлейт. Түштүгүндө жана дарыя бойлорунда токой (сибирь кызыл карагайы, карагай, бал карагай) өсөт. Экономикасынын негизин газ жана нефть өндүрүүтүзөт. 2011-ж. 35,9 млн нефть өндүрүлгөн. Бул округда өндүрүлгөн нефтинин 7,1% ин түзөт. Башкы нефть өндүрүү ишканасы «Газпром нефть» компаниясы. 2009-ж. 431,9 млн м3 жаратылыш газы өндүрүлгөн. Балык, жыгаччылык өнөр жай, бугу, жапайы айбанаттар чарбасы өнүккөн. Обь, Надым, Таз д. жана Түндүк деңиз жолу аркылуу кеме жүрөт.
Колдонулган адабияттар
- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4
Орусия Федерациясынын субъектилери | |
---|---|
Республикалар | Адыгэ Республикасы • Алтай Республикасы • Башкыртстан • Бурятия • Дагестан • Донецк Эл Республикасы[1] • Ингушстан • Кабарда-Балкария • Калмакстан • Карачай-Черкисия • Карелия • Коми Республикасы • Крым Республикасы[1] • Луганск Эл Республикасы[1] • Марий Эл • Мордовия • Якутия • Түндүк Осетия • Татарстан • Тыва • Удмуртия • Хакасия • Чеченстан • Чувашстан |
Крайлар | Алтай крайы • Забайкалье крайы • Камчатка крайы • Краснодар крайы • Краснояр крайы • Перм крайы • Приморье крайы • Ставрополь крайы • Хабаров крайы |
Облустар | Амур облусу • Архангельск облусу • Астрахань облусу • Белгород облусу • Брянск облусу • Владимир облусу • Волгоград облусу • Вологда облусу • Воронеж облусу • Запорожье облусу[1] • Иванов облусу • Иркутск облусу • Калининград облусу • Калуга облусу • Кемеров облусу • Киров облусу • Кострома облусу • Курган облусу • Курск облусу • Ленинград облусу • Липецк облусу • Магадан облусу • Москва облусу • Мурманск облусу • Нижний Новгород облусу • Новгород облусу • Новосибирск облусу • Омск облусу • Оренбург облусу • Орел облусу • Пенза облусу • Псков облусу • Ростов облусу • Рязань облусу • Самара облусу • Саратов облусу • Сахалин облусу • Свердлов облусу • Смоленск облусу • Тамбов облусу • Тверь облусу • Томск облусу • Тула облусу • Тюмень облусу • Ульянов облусу • Херсон облусу[1] • Челябинск облусу • Ярославль облусу |
Федералдык маанидеги шаарлар | Москва • Санкт-Петербург • Севастополь[1] |
Автономиялуу облустар | Еврей автономиялуу облусу |
Автономиялуу округдар | Ненец автономия округу[2] • Ханты-Манси автономия округу[3] • Чукча автономия округу • Ямал-Ненец автономиялуу округу[3] |