12 Январь (Үчтүн айы)


январь
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
    1 2 3 4 5
6 7 8 9 10 11 12
13 14 15 16 17 18 19
20 21 22 23 24 25 26
27 28 29 30 31    
2025-ж.

12-январь — Григорий жылсанагы боюнча жылдын 12-күнү, жылдын аягына чейин 353 (толук жылда 365) күн бар.

Майрамдар

Кесиптик

  •  Орусия - Орусиянын прокуратура кызматкерлеринин күнү.

Окуялар

  • 1853 — кыргыздын бугу уруусунун империя курамына алыныш маселесине байланыштуу Батыш Сибирь генерал-губернатору Орусиянын Тышкы иштер министрлигинен көрсөтмө алган.
  • 1854 — император ысык-көлдүк кыргыздарга букаралык ыйгарууну жактырып, Батыш Сибирь генерал-губернаторуна алардан шерт алып, империя курамына киргизүү маселеси жүктөлгөн.
  • 29 б.з.ч. — жүз жылдан ашык уланган жарандык согуштун урматына Римдеги Янус храмынын эшиктери бекитилген.
  • 1722 — Пётр I мамлеттик жаңы орган – прокуратураны негиздеген.
  • 1755 — Орусиядагы биринчи жогорку окуу жайы эсептелген - Москва университети негизделген.
  • 1899 — Петербург менен Москва шаарларын бириктирген телефон байланыш түзүлгөн.
  • 1913 — Иосиф Жугашвили биринчи жолу Сталин деп кол койгон.
  • 1970 — Boeing 747 Jumbo реактивдүү учагы алгачкы жолу сыноодон ийгиликтүү өтүп, Нью-Йорктон Лондонго учуп келип конгон.
  • 1999 — бийликтен четтетилген Мали Республикасынын Президенти Муса Траоре жана анын жубайы ири суммадагы каражатты уурдап алгандыгы үчүн өлүм жазасына буюрулган.
  • 2009 — Индонезиянын Сулавеси аралынын жээгине жакын “Тератей Прима” парому чөгүп, 200дөн ашуун адам каза болгон.
  • 2010 — Гаитиде жер титирөө болуп, 222 570 кишинин өмүрүн алып кеткен. 311 000 адам ар кандай жаракат алып, 869 киши белгисиз жоголгон. Материалдык чыгым 7 миллиарддан ашуун долларды түзгөн.

Төрөлгөндөр

  • 1580 — Ян Баптиста ван Гельмонт, бельгиялык химик, врач, физиолог, “газ” деген сөздүн ойлоп табуучусу.
  • 1628 — Шарль Перро, француз жомокчусу (“Өтүкчөн мышык”, “Күлчү кыз”, “Көк сакал” ж.б.).
  • 1876 — Жек Лондон, америкалык жазуучу.
  • 1912 — Динмухамед Кунаев, советтик мамлекеттик жана коомдук ишмер, Казакстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы.
  • 1936 — Раймонд Паулс, латвиялык композитор.
  • 1941
  • 1949 — Харуки Мураками, жапон жазуучусу жана котормочусу.
  • 1956Замирбек Сооронбаев, актёр, режиссёр.
  • 1968 — Айчүрөк Иманалиева, КРнын Эмгек сиңирген артисти.
  • 1985 — Идирис Айтбаев, төкмө акын.
  • 1986 — Злата Огневич, украиналык ырчы, «Еврокөрүнүү-2013» катышуучусу.

Каза болгондор

  • 1976 — Агата Кристи, англиялык жазуучу.
  • 1997 — Чарльз Хаггинс, америкалык онколог жана физиолог.