1989 (бир миң тогуз жүз сексен тогузунчу) жыл — толук эмес жыл, григориан календары боюнча жекшембиде башталат. Бул жыл биздин замандын 1989, 2-миңжылдыктын 989, XX кылымдын 89-жылы болуп эсептелинет.
Бул жылы бир нече революциялар болуп, СССРдин доору бүткөндүгү жана АКШнын"Кансыз согуштун" бүткөндөн кийин дүйнөлүк аренада биринчиликке чыкканы менен тарыхта калган.
Бул жылы, 23-сентябрда Кыргыз ССРнин Жогорку Кеңеши «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам кабыл алган.
17-июнда — Казак ССРнин Новый Узень шаарында жергиликтүү калк менен Кавказ өлкөлөрүнөн чыккан адамдар ортосунда улут аралык жаңжал чыгып, жыйынтыгында 4 киши каза болгон. 22-июнь күнү Казакстандын КП БК биринчи катчысы болуп В. Колбиндин ордуна Нурсултан Назарбаев дайындалган. [5]