Джелато (итал.gelato) — бул Италиядан чыккан балмуздак. Ал жогорку сапаттагы сүт, каймак жана кант менен, табигый мөмө-жемиштер, жашылчалар, татымал чөптөр, шоколад, жаңгак жана сыр менен жасалат. Джелатодо 7% сүт майы жана 15% аба камтылган, бул ага бай даам жана тыгыз текстура берет. Фабрикалык балмуздактарда өсүмдүктөн алынган 25% май жана 52% аба бар. Ошондой эле, джелатодо химиялык кошулмалар жок, ошондуктан анын сакталуу мөөнөтү болгону 3 күн, ал эми фабрикалык балмуздак 3-4 жылга чейин сакталат.
Тарых
Балмуздакты жасоонун практикасы Сицилияга IX кылымда арабдардын басып алуусу менен кирген. Алар Этна тоосунун карын колдонуп, мөмө ширелерин муздатып, Персиядан алып келинген камыш кантын кошушкан. XVI кылымда, Флоренцияда, архитектор Бернардо Буонталенти 1565-жылы сүт, каймак, жумуртканын агы, кант жана лимон сыяктуу ингредиенттерди колдонуп, биринчи жолу азыркы джелатого окшош десертти даярдаган.
1686-жылы сицилиялык ашпозчу Франческо Прокопио дей Колтелли Парижде "Café Procope" аттуу кафесин ачып, джелатону Европада жайылткан. Ал өзүнүн чоң атасынан калган муздак десерттерди даярдоочу аппаратты колдонуп, джелатонун жаңы рецепттерин иштеп чыккан.
1843-жылы америкалык Нэнси Жонсон кол менен иштеген биринчи муздак десерт жасоочу аппаратты патенттеген. Бул жаңылык джелатонун кеңири таралышына өбөлгө түзгөн. XX кылымдын башында автоматташтырылган аппараттардын пайда болушу менен джелато өндүрүшү дагы да өнүккөн. 1948-жылыИталияда биринчи таякчадагы өнөр жайлык джелато – "Mottarello al fiordilatte" чыгарылган. 1950-жылдары болсо биринчи өнөр жайлык вафли конусу бар джелато – "Сornetto" пайда болгон.
Бүгүнкү күндө джелато дүйнө жүзү боюнча популярдуу десерт болуп саналат. Анын уникалдуу текстурасы жана даамы аны башка муздак десерттерден өзгөчөлөнтөт. Италияда джелато жасоо өнөрү маданий мурас катары бааланат жана көптөгөн туристтерди өзүнө тартат.
Джелатонун берүү ыкмалары
Корнетто джелатосу
Контейнердеги джелато Тегерек кагаз идиштерде (контейнерлерде): Бул ыкма алуучуга джелатону кашык менен ыңгайлуу жегенге шарт түзөт. Идиштер көбүнчө экологиялык жактан таза, кайра иштетүүгө ылайыктуу материалдардан жасалат.
Камырдан жасалган корнеттолор: Корнеттолор (вафлиден жасалган идиштер) джелато менен бирге жегенге ылайыктуу, даамдуу жана ыңгайлуу. Алар ар кандай формаларда жана өлчөмдөрдө болушу мүмкүн.
Алуучунун каалоосуна жараша джелато ар түрдүү кошумчалар менен кооздолот жана даамы байытылат, мисалы:
Шоколад: Майда кырылган шоколад, шоколад соусу же эрий турган шоколад кесиндилери колдонулат.
Печенье: Джелатого популярдуу түрдө майдаланган же бүтүн печенье кошулуп, текстурасына жана даамына өзгөртүүлөр киргизилет.
Жемиштер: Табигый жемиш кесиндилери, пюре же кургатылган жемиштер джелатонун табигый даамын баса белгилөө үчүн колдонулат.