Корей тили
Корей тили — корейлердин тили. Корей жарым аралына, КЭР, Япония, АКШ, Россияга тараган. Корей тили обочолонмо тилдердин бири. Анын пайда болушу жөнүндө түрдүү божомолдор бар. Корей тилин окумуштуулар тунгус-манжур тил тобуна кирерин далилдешкен. Корей тили 6 диалектиге бөлүнөт: түндүк-чыгыш [Түндүк-Чыгыш Кытайдагы корей говорун кошкондо], түндүк-батыш, борбордук, түштүк-чыгыш, түштүк-батыш жана Чежудо аралынын диалекти. Корей тили — агглютинациялама тил. 19-кылымдын аягына чейин жазма адабий тили ханмун болгон. Корей адабий тили борбордук диалектидеги сеул говорунун негизинде калыптанган.
Үндүү тыбыштар: 아-а 야-я 어-о 여-ё 오-о 요-ё 우-у 유-ю . Үнсүз тыбыштар: ㄱ-к ㄴ-н ㄷ-т ㄹ-р/л ㅁ-м ㅂ-п ㅅ-с ㅈ-ч ㅊ-чх ㅍ-пх ㅋ-кх ㅌ-тх ㅎ-х .Корей тилинде окуйбуз: 집 -уй /чип (окулушуу) 가방-баштык/ кабан 사람-адам/ сарам 잠-туш/ чам
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9
Маданияты | Адабияты • Ашканасы • Музыкасы • Архитектурасы • Ысымдары • |
---|---|
Тили | Корей тили• Хангыль • диалектилер: чежу • Хамгёча • Сеулча • Советтик корейче • Түндүк жана Түштүк Кореянын айырмасы • |
Корей диаспорасы |
Корё-сарам • Орусиядагы түндүк корейлер • Санкт-Петербург • Сахалин • Кыргызстан • Тажикстан • Украина • Казакстан • Өзбекстан • Кытай • Жапония • АКШ • Канада • |
Дини | Бурканчылык |