Нью-Мексико

Нью-МексикоАКШнын түштүк-батышындагы штат.

Мексика менен чектеш. Аянты 315 миң км2. Админ, борбору — Санта-Феш. Климаты субтропиктик, кургак. Уран рудасы, калий тузу, мунай, табигый газ, цинк, полиметалл казып алынат. Түстүү металлургия, тамак- аш, атом (Лос-Аламос, Сандия) өнөр жай ишканалары иштейт.

Булактар

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.